super.kg logo

Армения Конституциясын Азербайжан үчүн өзгөртпөйт  

 

Армения Азербайжан менен макулдашуулардын алкагында Конституцияны өзгөртүү боюнча эч кандай милдеттенме алган эмес. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Арарат Мирзоян билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

"Конституция Вашингтондо талкууланган эмес жана биз үчүнчү тарапка каршы Конституциябызды өзгөртүү боюнча эч кандай милдеттенме алган эмеспиз",- деди ал.

Армениянын Конституциясында 1990-жылдагы Эгемендик декларациясына шилтеме берилген. Анда "Армян ССРи менен Жогорку Карабахтын биригүүсү" жөнүндө токтом бар. Азербайжан бул пунктту аймактык доомат катары карап, аны Конституциядан алып салууну талап кылууда.

Армян бийлиги жаңы Конституциянын текстин даярдап жатат, ал референдум аркылуу бир жылдан кийин гана кабыл алынышы мүмкүн. Ал эми Армениянын премьер-министри Никол Пашинян бул чара Азербайжан талаптары үчүн эмес, жаңы геосаясий шарттарга байланыштуу экенин түшүндүргөн.

8-августта Вашингтондо Дональд Трамп, Никол Пашинян жана Илхам Алиев жолугуп, тынчтык келишимин алдын ала макулдашышкан. Азербайжан лидери 27-августта документке армян Конституциясы өзгөргөндөн кийин гана расмий кол коюла турганын билдирген.

"Бизге маалым болгондой, алар түзөтүү киргизишет",- деген Илхам Алиев маектеринин биринде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: