super.kg logo

Орусияда батут кулап кетип, 5 жаштагы кыз оор абалда

 

Орусиянын Уфа шаарында катуу шамалдан улам батут кулап кеткен. Анын кесепетинен беш жашар кыз жабыркап, абалы оор. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматтарга караганда, беш жашар кыз учурда жандандыруу бөлүмүндө. Дагы эки кыз ооруканага жаткырылган.

Жергиликтүү тургундар батут орнотууга жооптуулар жабыркаган балдарга эч кандай жардам көрсөтпөгөнүн, аларды ата-энелери өздөрү сактап калганын айтышууда. Аттракциондун ээлери окуя болгондон кийин дароо дайынсыз болуп, андан бери окуя болгон жерге көрүнбөй калган.

Окуяга күбө болгондор ошондой эле батут талаптагыдай бекитилбегенин, аны менен кошо жакын жерде турган күркө да жарылып кеткенин айтышууда.

Бул факт боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 238-беренесинин 1-бөлүгү (коопсуздук талаптарына жооп бербеген кызматтарды көрсөтүү) менен кылмыш иши козголду. Прокуратуранын маалыматы боюнча, батут мыйзамсыз орнотулган.






28.08

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: