Кыргызстандын 500дөн ашык мамлекеттик кызматкери Кытайга окууга жөнөтүлөт

Жолугушууда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутуу жана алардын квалификациясын жогорулатуу багытында кыргыз-кытай кызматташтыгынын учурдагы абалы жана өнүгүү перспективалары талкууланды.
Буга чейинки түзүлгөн меморандумдун алкагында кыргызстандык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди Кытайда окутуу ийгиликтүү улантылып келет. Мисалы, 2024-жылы 500 кызматкер кыска мөөнөттүү окуулардан өткөн. Бул пландан 10 эсе көп, тагыраагы, 50 орун берилген болсо сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 500 орунга жеткен. Ал эми 2025-жылдын аягына чейин бул көрсөткүчтү 500дөн 700гө чейин жеткирүү пландалууда. Бул программа мамлекеттик кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу, дүйнөлүк тажрыйбаны өздөштүрүү жана жаңы башкаруу ыкмаларын киргизүүдө маанилүү роль ойнойт.
Кудайберген Базарбаев өз сөзүндө бул долбоор Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин заманбап билимдерди өздөштүрүүсүнө, эл аралык кызматташтык тажрыйбасын кеңейтүүсүнө жана мамлекеттик башкарууда жаңы көз караштарды калыптандыруусуна чоң өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Өз кезегинде Лю Цзянпин айым учурдагы Кыргызстанды “ Жаңы Кыргызстан” деп атап кыргыз-кытай кызматташтыгы мындан ары да үзгүлтүксүз улантыларын жана тараптардын жалпы кызыкчылыктарына кызмат кыла турган жаңы багыттарды өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:03
2025-08-28

17:44
2025-08-28

16:16
2025-08-28
14:32
2025-08-28

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.