"Маңырайып туруп аласыңар". Садыр Жапаров эл ташыган автобустардын айдоочуларына кайрылды (видео)
Президент Садыр Жапаров Бишкектеги ДЕПО-1 жана ДЕПО-2нин (коомдук транспортторду токтотуу үчүн арналган атайын жайлар) ачылышында коомдук транспорттун айдоочулары менен жолукту.
Анда өлкө башчы айдоочулардан тыгын жаратпоону өтүндү.
"Аялдамаларга келгенде эң башына барып токтобойсуңарбы, артыңарга башкасы келип тургудай болсун да. Билесиңер да, артыңардан 2-3 мүнөттөн кийин эле башка автобус келерин. Анан "маңырайып" 5 мүнөт артыңарга орун калтырбай туруп аласыңар. Анан эле артыңарда тыгын пайда болот. Менин да тыгындарда силердин аркаңарда туруп калган учурларым болду. Көрсө, 10 мүнөт убакытты алып коёт экенсиңер. Тыгындын баарын силер кылып жатпайсыңарбы",- деди ал.
28.08.25.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:03
2025-08-28

17:44
2025-08-28

16:16
2025-08-28
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.