Алиев: "Азербайжан Украинанын бүтүндүгүн конфликт башталгандан бери колдойт"
Азербайжандын президенти Илхам Алиев Орусия менен куралдуу жаңжал башталган күндөн бери Украинанын территориалдык бүтүндүгүн колдоп келгенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Биздин бул маселедеги позициябыз так. Орусиянын Украинага басып кирген биринчи күндөн тартып биз Украинанын территориалдык бүтүндүгүн колдоп келебиз жана колдой берүүнү улантабыз",- деди Алиев Al Arabiya телеканалына берген маегинде.
Ал Азербайжан өзүнүн аймагынын бүтүндүгү бузулган өлкө катары башка бардык мамлекеттердин бүтүндүгүн колдой турганын баса белгиледи.
Буга чейин, тагыраагы, 19-июлда Алиев согуштук аракеттер башталгандан бери биринчи ирет Украинага колдоосун билдирген. Ал Украина басып алууга макул болбошу керектигин айтып, Киевди Карабахты аскердик жол менен кайтарып алган Бакунун тажрыйбасын эске алууга чакырган.
