Бишкекке түрк кино жылдыздары келишет (датасы)

Бул маданий иш-чара Түркиянын маданият жана туризм министрлиги жана Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен Кинематография департаменти, Түркиянын Бишкектеги элчилиги жана “Йерли Дүшүнже” коомдук фонду тарабынан уюштурулууда.
Иш-чаранын алкагында түрк кино жылдыздары — белгилүү актрисалар Дамла Сөнмез, Йылдыз Чагры Атиксой, Эжем Сена Байыр жана Дуйгу Мержан, ошондой эле актёрлор Барыш Кылыч жана Аныл Алтан кызыл килем аземинин ардактуу коноктору болушат.
Ошондой эле, көрсөтүлүүчү тасмалардын режиссёрлору жана продюсерлери менен да жолугушуулар уюштурулат.
Ачылыш аземинде көрүүчүлөр Түркиянын 2025-жылдагы Оскар сыйлыгына көрсөтүлгөн тасмасы — “Хемменин өлгөн күндөрүнүн бири” көркөм фильмине күбө болушат. Фильмдин режиссёру жана башкы каарманы Мурат Фыратоглу иш-чарага катышып, көрүүчүлөр менен баарлашат.
Программа:
• 4-сентябрь: “Хемменин өлгөн күндөрүнүн бири” – режиссёру Мурат Фыратоглу
• 5-сентябрь: “Сүйүү байланыштары” – режиссёру Хакан Куршун
• 6-сентябрь: “Акылдан жүрөккө” – режиссёру Өзер Фейзиоглу
• 7-сентябрь: “Хай Хак Карагөз – Хаживат” (анимациялык тасма) – режиссёру Кенан Акташын
• 8-сентябрь: “Эрке” – режессёру Онур Үнлү
Бардык көрсөтүүлөр “Ала-Тоо” кинотеатрында өтөт жана кирүү акысыз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-08-28
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.