super.kg logo

Дүйнөлүк рекорд жаратуу жолундагы суучул Султан менен маек

 

Кыргызстандын көлдөрү дүйнөгө кооздугу менен гана эмес, суучулдардын жаңы рекорддорду орнотуусуна да өбөлгө түзүп келет. Алардын бири – өлкөбүздөгү эң чоң жана бийик тоолуу көлдөрдү сүзүп өткөн жаш спортчу. Ал буга чейин Ысык-Көлдүн 25 чакырымын, Соң-Көлдү жана Сары-Челектеги Тоскоол-Ата көлүн толугу менен сүзүп өтүп, укмуштуудай жыйынтыктарга жеткен.

Жаш спортчунун аты-жөнү Султан Жумабек уулу. Ал 1997-жылы Талас облусунун Чыңгыз Айтматов районундагы Шекер айылында төрөлгөн. Үй-бүлөдө төрт бир туугандын экинчиси. 9-класска чейин аталган айылдагы мектепте окуп, андан кийин Бишкек шаарындагы лицейлердин биринде окуган. Мектепти бүткөн соң мекенди коргоо милдетин аткаруу максатында армияга барып, кызмат өтөгөн. Армиядан чыгып генерал-майор милиция Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунда окуган. Аны бүткөн соң Кыргыз улуттук университетинин юридикалык колледжинде билим алган.

Султандын айтымында, ал дүйнөлүк рекорддор китеби болгон Гиннесске кирүү аракетин жасоодо. Соң-Көлдү сүзүп өткөндө Гиннесс китебине онлайн катталып, керектүү документтерди жиберген. Бирок далилдердин жетишсиздигинен улам, өтүнмөсү кабыл алына элек. Биз Султандын Гиннесс китебине кирүүгө болгон аракеттери жөнүндө порталыбыздын "Ийгилик жаратууга дем берген жаштар" рубрикабыздын алкагында маектештик.

- Арыбаңыз, Султан мырза! Алгач эмне себептен көлдөрдү сүзүп өтүүнү чечтиңиз, суучул болууңузга эмне же ким түрткү болду ошол тууралуу айтсаңыз.

- Саламатсызбы! Мен 2017-жылы Ысык-Көлгө барып, эс алып жүрүп эле өзүнчө ой келип, көлдү сүзүп өтүп көрүш керек экен деп койгом. Кудай оозго салат деген ушул окшойт. Учурда Соң-Көл жана Тоскоол-Ата көлдөрүн сүзүп өттүм. Ысык-Көлдүн болсо 25 чакырымын сүздүм.

Суучул болууга кызыгуум да ошол 2017-жылдан кийин эле башталган. Мен кичинемден бери спорттун бул тармагы менен алектенген профессионалдуу спортчу эмесмин.

- Түшүнүктүү. Буга чейин берген маектериңиздин биринде Соң-Көлдү сүзүп өткөндө Гиннесс китебине кирүүгө аракет кылганыңызды айттыптырсыз. Ошол тууралуу маалымат бересизби?

- Ысык-Көлдү сүзүп өткөндөн кийин дүйнөлүк рекорддор боюнча кызыга баштадым. Гиннесс китеби боюнча бүт маалыматтарды окуп чыктым. Бийик тоолуу көлдөрдү сүзүп өтүү боюнча эч ким каттала элек экен. Бизде көпчүлүк көлдөр деңиз деңгээлинен бийик жайгашкан го. Ошого ушул тармакта катталса болот экен деп аракет кыла баштадым.

Негизи Гиннесс китебине кирүүнүн 2 жолу бар. Онлайн формат электрондук түрдө жана өкүлдөрүн чакырып, өздөрүнүн катышуусунда катталуу. Соң-Көлдү сүзүп өтөөрдө рекорддор китебине кирүүнүн кандай талаптар бар экенин баарын окуп, изилдеп чыкканмын. Талаптарынын баарын аткарып, онлайн форматта жибергенмин. Бирок бир далил жетишпей калган. Ал суунун температурасын, деңиз деңгээлинен бийиктигин эсептеген атайын кол саат болчу. Ал убакта менин андай саатым жок эле. Бирок бир таанышымдын саатын алып, сүзүп өткөм. Гиннесске бардык далилдерди жиберип, жообун күтүп жүргөн кезде таанышым саатын кайрадан алган.

Кийин Гиннесстен көлдүн деңиз деңгээлинен бийиктигин ырастоочу ошол сааттын программасын кайрадан сурады. Мен аны жибере албай калдым. Анткени таанышым менен байланыш жок болуп калган.

Ошентип менин өтүнмөм алардын сайтында дагы деле турат. Кирбей калды деп да айта албайм, кирди деп да айта албайм. Анткени алар жараксыз деп четке кагышкан да жок.

- Эми кандай пландарыңыз бар?

- Буюрса Гиннесстин өкүлдөрүн Кыргызстанга чакырып, алардын көз алдында Кел-Сууну сүзүп өтүүнү пландап жатам. Анткени иш-чарага алар өздөрү катышса эч кандай күмөнсүз болот. Бирок бул үчүн тыйын керек да. Учурда демөөрчү издөөдөмүн. Бул иш-аракетимди колдогон демөөрчү чыгып, баары жакшы болуп калса, өлкөгө тарых да жаралмак.

Учурда Кыргызстанда Гиннесс китебине кирген 3 киши бар. Алар:

  1. Рысбай Исаков - Түркияда 5 күн катары менен Манас айткан,
  2. Мамбет Мамакеев - эң көп операция жасаган,
  3. Эдуард Кубатов - Манаслу чокусуна кычкылтексиз чыккан.

Мен төртүнчүсү болууга аракет кылып жатам. Буга чейин бийик деңгээлде жайгашкан көлдө сүзүү боюнча бир эле спортчу кирген. 6350 метр бийиктиктеги мөңгүнүн суусунда 10 метрдей сүзгөн. Мен болсо Соң-Көлдү 10 километр сүзүп өттүм. Ошон үчүн менде рекорддор китебине кирүүгө мүмкүнчүлүгүм чоң болуп турат.

- Ошондо Кел-Сууну качан сүзүп өтөйүн деп жатасыз?

- Негизи бул жылкыга пландаган болчумун. Бирок баягы эле акча маселесинен бул планым кармалып турат. Демөөрчү тапсам эле, мен даярмын. Бирок, бул жылдын сезону да бүтүп калбадыбы. Эми келерки жай мезгилине аракет кылам. Ага чейин бул долбоорумду колдогон демөөрчү тапканга аракет кылам.

Гиннесстин өкүлдөрү буга чейин Кыргызстанга келген эмес да. Аларды чакырсак өлкөнү бийик деңгээлге көтөрүү мүмкүнчүлүгү да жаралмак.

Жогоруда айтып өтпөдүмбү, мен профессианалдуу спортчу эмесмин деп. Бул дүйнөлүк рекорддор китебине кирүү үчүн да чоң мүмкүнчүлүк. Анткени, алар эл жасабаган нерсени жасаган адамдын ишин карагандан кийин, адамдын тарыхын да карайт. Эгер ошол тармакта профессионал болсо алардын көңүлүн бурбайт. Жөнөкөй адам ошол нерсени жасаса карап көрүп, баа берип, рекордго киргизишет.

- Анда сизге ийгилик каалайбыз, Султан мырза! Буюрса кийинки жылы сизди Гиннесстин сертификатын алгандыгыңыз менен куттуктоону насип кылган болсун!

- Чоң рахмат! Айтканыңыз келсин.






Султан Жумабек уулу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: