"Ажылдап кыйкыра бербеңиздер". Садыр Жапаров жүргүнчүлөргө кайрылды
Бүгүн, 28-августта президенти Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы электробустар, газ менен жүрүүчү автобустарды тейлөөчү жайдын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анда мамлекет башчысы коомдук транспорттун айдоочуларынан шаарда тыгын жаратпоону өтүндү. Садыр Жапаров автобустун айдоочуларын аялдамаларга туура эмес токтоп жатышканын айтып, өзү да алардын айынан тыгында калганын билдирди.
Ошондой эле президент жүргүнчүлөргө да кайрылып, шаарда жүрүү маданиятын сактоого чакырды.
"Шаар тургуну болобу же шаарга келген мейманбы, айтор, урматтуу жүргүнчүлөр, сиздер дагы коомдук транспорттун айдоочуларынын таң аткандан түн киргенге чейинки тынымсыз эмгегин баалашыңыздар керек. Ажылдап көрүнгөн жерден "токтот эле, токтот" деп кыйкыра бербеңиздер. Бир гана аялдамадан токтой турганын эсиңиздерден чыгарбаңыздар. Мурдагы маршруттук таксилердин заманын унуткула. Ал заман өттү, кетти, болду эми, келбейт кайра",- деди ал.



