Эки миллиондон ашык сумма... Алдамчылыкка көмөк кылышкан деп үч жаран кармалды
Үчүнчү жактарга электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык активдердин капчыктарын жана SIM-карталарды атайылап берүү же сатуу фактысы боюнча шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө бир адам арыз менен кайрылган. Ал 25-августта белгисиз адамдар өздөрүн мамлекеттик органдардын кызматкерлери катары тааныштырып, ишенимине кирип, WhatsApp тиркемеси аркылуу 2 миллион сомдон ашуун акчасына ээлик кылып алышканын айткан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык активдердин капчыгын жана SIM-картаны үчүнчү жактарга атайылап берүү же сатуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө жабырлануучунун акча каражаттары QR-код аркылуу 19 жаштагы эки жана 21 жаштагы бир жарандын атына катталган эсептерге которулгандыгы аныкталган.
Бул жарандар акча үчүн белгисиз адамдарга өздөрүнүн банктык карталарын берип жиберишкен. Муну менен алар мыйзамсыз акчаларды накталайга чыгарууга көмөктөшкөн. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.
