super.kg logo
  Саясат  

Жантөрө Сатыбалдиев Баткендеги "Апрель" алтын кени боюнча жергиликтүү бийлик башчыларын сынга алды

 
14-декабрда өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Баткен облусуна болгон иш сапары учурунда Лейлек районунун Катраң айылынын жашоочулары жана “Апрель” алтын кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан ишкананын өкүлдөрү менен жолугушту. Эскерте кетсек, Катраң айылынын тургундары менен аталган алтын кенин иштеткендердин ортосунда келишпестик чыгып, аягында тургундар Баткен-Исфана жолун тосушканга чейин барышкан. Бул окуя боюнча премьер-министр аталган айыл башчыларын кескин сынга алып, "элге алтын кенин иштетүү жөнүндө кеңири маалымат берген эмессиңер" деди. Ошондой эле өкмөт башчы Кыргызстандын кен байлыктары кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн иштетилиши керектигин белгиледи. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: