super.kg logo

"Өзүңө окшогон мэрлерсиз болбойт экен". Шыкмаматов Жеңишбек Токторбаевдин макулдугун алды (видео)

 

Бүгүн, 28-августта Ош шаарында акциздик маркаларды көзөмөлдөө боюнча рейд өттү. Ага Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов, президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жана Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев катышкандыгын мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Кыдыруу учурунда Шыкмаматов салык чогултууну жергиликтүү бийлик менен бирге жүргүзүү керектигин белгилеп, мындай демилгени Ош шаарынан баштоо боюнча калаа башчысы Токторбаевдин пикирин сурады. Анын айтымында, түшкөн кирешенин белгилүү бир пайызы жергиликтүү бийликтин бюджетине түшүп турат.

"Жеңиш, акылдаша турган маселе бар. Канча жылдан бери эле децентрализация деп эле келе жатабыз. Бирок ал өзүңө окшогон мэрлерсиз ишке ашпайт экен. Бир токтомду, мыйзамды чыгарып коюп туруп эле децентрализация башталды десең болбойт экен. Ошондуктан сунуш, шаардагы көмүскө, аткезчилик, мыйзамсыз соодалардын алдын алып, салыктын деңгээлин көтөрүп берсең, анда башка шаар мэрлерине да сунуштайт элек.

Мына, Ошто децентрализацияны баштадык эле кадимкидей аткезчилик азайды демекпиз. Анткени мэрлер кызыкдар болуп калат. Азыр мэрлер салык чогулабы, чогулбайбы кызыкдар эмес",- деди ал.

Токторбаев бул боюнча президентке кат жазылганын айтып, демилгени колдоорун билдирди.






28.08.25.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: