super.kg logo

Түштүк Кореянын дүйнөгө белгилүү ырчысы PSYды полиция кармады

 

Түштүк Кореяда белгилүү ырчы PSY, чыныгы аты — Пак Чжэ Санды полиция кармап кетти. Бул тууралуу Yonhap агенттиги кабарлады.

PSY психотроптук дарыларга рецепттерди мыйзамсыз алуу боюнча айыпталууда. Ырчыдан сырткары анын дарыгери да кармалган.

Маалыматтарга ылайык, 2022-жылдан бери PSY Сеулдагы бир ооруканадан уктоо дарысына жана тынчтандыруучу каражатка консультациясыз эле рецепттерди алып келген.

PSYнын өкүлдөрү билдирүү таратып, ырчыда уйкусуздуктун өнөкөт түрү бар экенин жана ал дарыны дарыгердин көрсөтмөсү боюнча ичип жатканын айтышты.

Дарыгер болсо айыптоолорду четке какты, жана консультациялар чындыгында өткөнүн, бирок аралыктан болгонун билдирди.

Белгилей кетсек, PSY дүйнөлүк атактуулукка 2012-жылы жарык көргөн "Gangnam Style" аттуу ыры менен жетишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: