super.kg logo
  Саясат  

Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров: "Ленин райондук соту мени актады"

 

"Ленин райондук соту мени актады". Бул туурасында укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров билдирди. Анын айтымында, Ленин райондук ички иштер бөлүмү аны “административдик эрежени буздуң” деп кармап, топтолгон материалдарды Ленин райондук сотуна өткөрүп берген. Ал эми аталган райондук соттун судьясы Жээналиев актады. Эске сала кетсек, бүгүн, 15-январда Бишкек шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү. Ошол учурда укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров акция уюштурган. Ал колуна “Мэр тандалбайт, мэр шайланат” деген жазуусу бар плакат көтөрүп алган.  Акция баштала электе эле укук коргоочуну милиция кызматкерлери алып кетишкен. Милиция кызматкерлери билдиргендей, бүгүн мэриянын алдында ар кандай акцияларды өткөрүүгө тыюу салынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: