super.kg logo
  Саясат  

Ош шаарында өткөн тынчтык митингинен фоторепортаж

 
"Шайлоо адилетсиз болуп калды" деп ыйлаган аялдар болду.
Митингде М.Мырзакматовду жактаган лозунгдар
Мелис Мырзакматов эл алдына чыгып келе жаткан учур.
"Шайлоо адилетсиз болуп калды" деп ыйлаган аялдар болду.
Мелис Мырзакматовду жактап келген эл.
Ош облустук ИИМнин мурдагы жетекчиси Абдылда Капаров Президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн өттөдү.
Аксакалдар Ош шаардык кеңешинин депутаттарын эл алдына чыгуусун талап кылышты.
Депутаттардын, жаңы дайындалган мэрдин сыртка чыгуусун талап кылган эл мэриянын имаратына чабуул жасоодо.
Облустук администрациянын коопсуздугун да бир топ орган кызматкерлери коргоп турушту
Турсунбек Акун эл алдында сүйлөөдө
Эл бир колдон добуш топтоп Мелисбек Мырзакматовду "Элдик мэр" деп алышты.
Ош облустук ИИМнин мурдагы жетекчиси Абдылда Капаров Президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн өттөдү.
Депутат Шайлообек Атазов шайлоо акыйкат болбой калды деп "Улуттар биримдиги" партиясынын депутаттары мандаттарын тапшыраарын айтты.
Экс мэр Мелис Мырзакматов эл алдында сүйлөөдө.
Мелисбек Мырзакматов элди ынтымакка чакырып, таркалышын суранып бата берүү учурунда.
Бүгүн, 15-январда Ош шаарына мэр шайлоо өтүп Айтмамат Кадырбаев шаар башчысы болуп шайланды. Ал шаардык кеңештеги 45 депутаттын 25инин добушун алды. Ал эми Мелис Мырзакматовго 19 депутат добушун берди. 1 бюллетень жараксыз деп табылды. 
Ош шаарынын аянтына Мелисбек Мырзакматовдун жактоочулары эртең мененки саат 08:30дарда келе башташкан. Шайлоонун жыйынтыгы чыкканча борбордук аянтка 100дөн ашык атчан, 10 миңге жакын эл топтолду. Шайлоо жыйынтыгы угулуп Мелисбек Мырзакматов эл алдына чыгып, "биз жеңилдик, бирок эл жеңилбейт. Биздин партиядан да сатылган депутаттар болду. Шайлоо адилеттүү өткөн жок, биз мунун акырына чейин чыгабыз. Провокацияга алдырбагыла, милиция кызматкерлерине таш ыргытпагыла. Биздин бул жеңилишибиз алдыдагы жеңишибиздин башаты болот. Алыс жактардан келдиңер, кеч кире электе үйлөрүңөргө кайткыла. Жаз келгенде башкача жол менен иш алып барабыз. Жүрөгүм ооруп турат, жүрөгүм канап, денем дүркүрөп турат. Мени ушунча колдоп келипсиңер, силерге кызмат кылбай коё албайм" деген сөздөрүн айтты. 
Эл Мырзакматовдун мэр болушун талап кылып бир топко чейин таркабай, жаңы мэр менен депутаттардын эл алдына чыгуусун талап кылып турушту. "Бул иш боюнча борборго чейин барабыз" деп президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн өрттөштү. 
Жаз келгенде бул ишти кайрадан улантарын айтып, саат 13:20ларда кете баштаган элдин аягы 16:30дан өтүп суюлду.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: