Кара-Сууда зордуктоого шетелген жаран милицияга пара берип жатып кармалды
Ош облусунун Кара-Суу районунда милиция кызматкерине пара берген жаран кармалып, ага карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта ИИМдин маалымат кызматы билдирди.Маалым болгондой, 29-августта Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесине (Зордуктоо) ылайык козголгон кылмыш иши боюнча шектүү катары суралып жаткан жаран маселени оң жагына чечип берүү максатында милиция кызматкерине 25 миң сом акча каражатын сунуштаган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) боюнча кылмыш иши козголуп, ал акча каражатын берип жаткан жеринен кармалды. Шектүү Өзгөн шаарынын тургуну 1988-жылы туулган Т.А. аттуу жаран.
Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















