super.kg logo

АКШ Индиянын Кытай жана Орусия менен кызматташтыгына нааразычылыгын билдирди

 

АКШ Индиянын Кытай жана Орусия менен кызматташуусун өнүктүрүү чечимине нааразы болду. Бул тууралуу Түштүк-Чыгыш Норвегия университетинин профессору Гленн Дизен өзүнүн X баракчасында жарыялады.

"АКШ Индиянын Кытай менен Орусияны алардан артык көргөнүнө нааразы. Вашингтон Индияга "биз же алар" деген ультиматум коюуда. Ошол эле учурда Кытай менен Орусия мындай басым кылбайт. Индия болсо өзүнүн тышкы саясатын өзү аныктай турган эркиндикти жана көз карандысызды тандады",- деп жазган Дизен.

Анын айтымында, Индиянын бул позициясы өлкөнүн өз алдынча тышкы саясат жүргүзүүгө жана сырткы басымга баш ийбөөгө болгон умтулуусун чагылдырат.

30-августта The New York Times гезити жазгандай, АКШнын президенти Дональд Трамп Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда Нью-Дели анын Пакистан менен болгон жаңжалды жөнгө салуудагы аракеттери үчүн тынчтык боюнча "Нобелдин" сыйлыгына көрсөтүшү керектигин кыйытып айткан.

Макалада айтылгандай, 2025-жылдын 17-июнунда өткөн бул сүйлөшүүдө Трамп Пакистан аны "Нобель" сыйлыгына көрсөтүүгө камынып жатканын айтып, Индия да ушундай кадамга барышы керек экенин кыйыткан. Бирок Моди ага ачууланып, АКШнын кийлигишүүсү жаңжалдын токтотулушуна эч кандай тиешеси жок экенин айтып, бул тынчтыкка түздөн-түз катышкан тараптар жетишкенин белгилеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: