super.kg logo

Түштүк Корея Түндүк Кореяга багытталган үгүт-насаат программаларын токтотту

 

Түштүк Корея Түндүк Корея менен мамилени оңдоо максатында анын аймагына багытталган үгүт радиопрограммасынын көрсөтүлүшүн токтотту. Бул тууралуу Yonhap агенттиги кабарлады.

Агенттиктин белгилешинче, бул кадам Түштүк Кореянын Пхеньян менен диалогду жандандырууга убада берген президент Ли Чжэ Мёндун аракети менен байланыштуу. Бул Сеул тараптан жасалып жаткан элдешүүчү кадамдардын бири болуп саналат.

"Коргоо министрлиги эки Кореянын ортосундагы аскердик чыңалууну азайтуу аракетинин алкагында “Эркиндиктин үнү” аттуу программаны токтотту",- деп билдирет Түштүк Кореянын аскердик мекемеси.

Эске салсак, бул радиопрограмма аркылуу жаңылыктар жана K-pop (кореялык популярдуу музыка) ырлары эфирге чыгарылып келген. Өзгөчө, былтыр "Эркиндиктин үнү" Түндүк Кореянын аскерлери Украинанын согушуна Орусия тараптан катышуу үчүн жиберилгени тууралуу маалыматтарды тараткан.

Yonhap агенттигинин маалыматына ылайык, бул программа 2010-жылдан бери биринчи жолу токтотулду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: