Аида Салянова жаракат алган чек арачылардын абалы менен таанышып, эрдиктери үчүн ыраазычылык билдирди
Башкы прокурор Аида Салянова кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда жаракат
алган чек арачылардын абалы менен таанышып чыкты. Мамлекеттик чек араны коргоодо
эрдик көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирип, алардын тезирээк айыгып кетүүлөрүнөн
үмүттөнөрүн билдирди. КРнын Башкы прокурору чек арачылар менен бир ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда Башкы прокуратуранын басма
сөз кызматы маалымдады.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Эске салсак, 12-январда прокурор айым лыжа базаларынын биринде лыжа тээп келе жатып башка лыжачы менен сүзүшүп кеткен. Анын натыйжасында Салянованын акыреги жана эки кабыргасы сынган. Ага 13-январда операция жасалган.
Ал эми 11-январь күнү кыргыз-тажик чек арасында чыр чатактан жаракат алгандардын үчөөсү Бишкекке ооруканага алынып келинген эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

