super.kg logo

Активист Грета Тунбергдин Газа секторуна бара жатканы айтылды

 

Швед экологиялык активисти Грета Тунбергдин жетекчилигиндеги кемелер Газа секторунун блокадасын бузууга аракет кылуу үчүн Испаниядан жөнөп кетти. Бул тууралуу Associated Press агенттиги кабарлады.

31-августта кемелер Барселона портунан гуманитардык жардам жана активисттер менен кошо чыгышкан. Кеменин максаты Газага азык-түлүк, суу жана дары-дармек жеткирүү болуп саналат. Активисттер Израилден Газага коопсуз өтүүгө жол ачып, гуманитардык деңиз коридорун түзүүнү талап кылышууда.

Маалыматка ылайык, учурда 20дай кеме бар, бирок жолдун акыркы этабында алардын саны болжол менен 70ке чейин көбөйүшү мүмкүн. AP агенттиги белгилегендей, Барселона портунда активисттерди миңдеген адамдар узатышты.

Ал эми 1-сентябрда Израилдин улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвир эгер Тунберг Газанын блокадасын бузууга аракет кылса, аны террористтер үчүн камак жайына камоону сунуштады.

Эске салсак, 8-июнда Израил Газа тилкесине багыт алган Madleen кемеcин токтоткон. Гуманитардык жардам жүктөлгөн бул кеме Египеттен чыгып Газа секторуна карай жөнөгөн. Анын жүргүнчүлөрүнүн арасында экологиялык активист Грета Тунберг да болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: