super.kg logo

Трамп Украинадагы кырдаал боюнча үч тараптуу жолугушуу болорун билдирди

 

АКШ президенти Дональд Трамп Орусия жана Украина ортосундагы тынчтык маселеси боюнча үч тараптуу жолугушуу болорун билдирди. Бирок ал Орусия менен Украинанын президенттеринин эки тараптуу жолугушуусунун болоруна ишенбейт.

"Үч тараптуу жолугушуу болот. Эки тараптуу – билбейм, бирок үч тараптуу болот. Кээде адамдар мындай нерсеге даяр эмес болушу мүмкүн",- деди Дональд Трамп Daily Caller басылмасына берген маегинде.

АКШ президенти дагы бир жолу Орусия менен Украина тууралуу сүйлөп жатып, балдар аянтчасында ойногон балдарды мисал кылды. Бул салыштырууну ал буга чейин да айткан.

"Балдар аянтчасында эки бала бар, экөө бири-бирин жек көрөт, кол булгалап урушуп жатышат. Токтоткуң келет, бирок алар уланта беришет. Бир убактан кийин өздөрү да токтоткусу келет. Түшүнүп жатасыңарбы? Бул да ошондой нерсе. Кээде аларды токтотуш үчүн бир аз кармашууга уруксат берүү керек. Бирок бул көпкө созулуп кетти. Көп адамдар курман болду",- деди Трамп.

Эске салсак, буга чейин Трамп президенттик кызматка киришкен алгачкы 24 сааттын ичинде Украинанын ичиндеги согушту токтотом деп убада берген. Бирок кийинчерээк ал тынчтык келишимине жетишүү оңой эместигин бир нече жолу айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: