super.kg logo

Иран президенти ШКУга мүчө өлкөлөрдүн ТИМ башчыларынан турган комитет түзүүнү сунуштады

 

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Жакынкы Чыгыштагы тынчтыкка жана коопсуздукка коркунуч жараткан кризистерди чечүү үчүн ШКУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринен турган комитет түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 1-сентябрда Кытайдын Тяньцзинь шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинде билдирди.

"Тынчтык орнотуу жаатында ШКУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринен турган комитет түзүлүшү керек. Ал комитет Жакынкы Чыгыш сыяктуу аймактардагы тынчтыкка жана коопсуздукка коркунуч туудурган ар кандай кризистер боюнча пикир алмашып, кризисти башкаруунун жана аны иликтөөнүн натыйжалуу механизмдерин сунушташы керек",- деди Пезешкиан иш-чаранын алкагында.

Ошондой эле, ал бул комитетке катышуучу өлкөлөрдүн биринин өтүнүчү боюнча дароо жыйын чакыруу укугун берүү керектигин белгиледи. Жаңы түзүлө турган бул түзүм ШКУнун "интеллектуалдык жана ыкчам рычагы" болуп кызмат кылууга тийиш жана уюмга мүчө өлкөнүн эгемендүүлүгү бузулган учурда ага ар тараптуу жардам көрсөтүүгө умтулушу керек экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, ШКУ саммити Кытайда 31-августтан 1-сентябрга чейин өтүп жатат. Ага мамлекет башчы Садыр Жапаров да катышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: