"Орусиянын кол салуусунан эмес". Путин Украинадагы согуштун себебин түшүндүрдү
Украинадагы кризис Батыштын шыктандыруусу менен 2014-жылы Киевде жасалган мамлекеттик төңкөрүштүн негизинде пайда болгон. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда ШКУ саммитинде Орусиянын президенти Владимир Путин билдирди.
"Бул кризис Орусиянын Украинага кол салуусунун натыйжасы эмес, Батыштын колдоосу жана шыктандыруусу менен Украинада жасалган мамлекеттик төңкөрүштүн кесепетинен келип чыккан. Андан кийин ошол төңкөрүштү кабыл албаган, колдобогон аймактардагы жана адамдар арасындагы каршылыкты аскердик күч менен басууга аракеттер көрүлдү",- деди ал.
Путин Батыштын Украинаны НАТОго тартууга болгон туруктуу аракети да украин жаңжалынын негизги себептеринин бири экенин баса белгиледи.
"2014-жылдагы төңкөрүштүн натыйжасында өлкөнүн НАТОго кошулуусун колдобогон саясий жетекчилик бийликтен четтетилген. Эгер Украинадагы кырдаалды узак мөөнөттүү жана туруктуу жол менен жөнгө салабыз десек, анда кризистин баштапкы себептерин жоюу керек",- деп жыйынтыктады сөзүн Орусиянын президенти.
Эске салсак, ШКУ саммити Кытайда 31-августтан 1-сентябрга чейин өтүп жатат. Ага мамлекет башчы Садыр Жапаров да катышууда.
