ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлери Тяньцзинь декларациясын кабыл алышты
ШКУга мүчө мамлекеттердин лидерлери Тяньцзинь саммитинин жыйынтыгы боюнча декларация кабыл алышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Саммит кечээ башталган, бүгүн, 1-сентябрда аяктайт. Ага өлкө башчы Садыр Жапаров баштаган 20дан ашык мамлекеттин жетекчилери жана 10 эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышууда.
Тяньцзинь декларациясы саммиттин негизги документи болуп эсептелет. Бул декларацияда регионалдык жана эл аралык маанидеги актуалдуу маселелер боюнча ШКУнун бирдиктүү мамилелери чагылдырылып, уюмдун бардык багыттар боюнча келечектеги иш-аракеттери аныкталган.
Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) 2001-жылдын 15-июнунда Шанхай шаарында түзүлгөн. Башында анын курамында алты мамлекет, тагыраагы, Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан болгон. 2017-жылы уюмга Индия менен Пакистан кошулган, 2023-жылы Иран мүчө болгон. Ал эми 2024-жылы Беларустун мүчөлүгү кабыл алынган.
