Бүгүн, 1-сентябрда Бишкектин мектептеринде биринчи коңгуроо кагылды. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Ак-Бата" конушунда жайгашкан №43 мектептеги салтанаттуу линейкага катышты.
Шаар мэри окуучуларды Билим күнү жана жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады.
"Мектеп бул жөн эле имарат эмес, ал билим, тарбия жана келечекке жол",- деп белгиледи ал.
Жаңы курулган №43 мектеп 650 орунга ылайыкталган. Жалпы аянты 5 миң чарчы метрден ашык, 22 окуу бөлмөсү, анын ичинде 6сы башталгыч класстар үчүн. Бул мектептин расмий ачылышы 29-августта президенттин онлайн форматта катышуусунда Кыргызстан боюнча пландалган 100 социалдык объекттин ачылышынын алкагында өттү.
"Быйыл борбор калаабыздагы 120 мектепке 260 миңден ашык окуучу, анын ичинен 1-2 - класска 39 миңден ашык окуучу барды. Биз келечек ээлери болгон балдарыбыздын татыктуу билим алуулары, ар тармактуу өнүгүүлөрү үчүн бардык шарттарды түзүүгө болгон аракетибизди жумшап, жылдан-жылга мектептердин санын көбөйтүп, жаңы мектептерди куруп жатабыз. Өлкө башчыбыздын колдоосу менен акыркы жылдары 15 мектепке кошумча корпус курулуп, 9 жаңы мектеп салынды",- деп белгиледи калаа башчысы.
Ошондой эле Айбек Жунушалиев мугалимдердин үзүрлүү эмгеги, билими жана мээнети үчүн ыраазычылык билдирди.
Бишкектин мектептеринде биринчи коңгуроо кагылды (фото)
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















