super.kg logo

New York Times: АКШ Палестина паспортунун ээлерине визаларды токтотту

 

New York Times басылмасынын маалыматына караганда, АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Палестина паспортунун ээлерине иммиграциялык эмес визаларды берүүнү токтотту.

Басылма маалымдагандай, АКШ бийлиги 18-августта бардык элчиликтерине Батыш Жээк жана Палестинадан болгондорго виза берүү иштерин токтотуу боюнча буйрук жөнөттү.

Бул чечим медициналык дарылануу, университеттик билим алуу, зыярат, иш сапары сыяктуу максаттар менен АКШга барууга берилген визаларды да камтыйт.

29-августта АКШнын Мамлекеттик департаментинин билдирүүсүндө, сентябрда Нью-Йоркто өтө турган БУУнун 80-Башкы ассамблеясына катышууга даярданып жаткан палестиналык расмийлердин визаларынын жокко чыгарылганы айтылган.

"АКШ мыйзамдарына ылайык, Мамлекеттик катчы Марко Рубио жакында боло турган БУУнун Башкы ассамблеясынын алдында Палестина боштондук уюму жана Палестина бийлигинин мүчөлөрүнүн визаларын берүүдөн баш тартты же жокко чыгарды",- деп белгиленген.

АКШнын бул чечими Палестина тараптан катуу нааразычылыкты жаратты.

Эске салсак, 16-августта АКШ бийлиги Газа калкына бардык түрдөгү зыяратчы визаларын берүү токтотулганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: