Кытайда компьютердик оюндарга көз каранды болгон өспүрүмдөр үчүн реабилитациялык борбор ачылды
Кытайда өспүрүмдөрдүн компьютердик оюндарга болгон көз карандылыгын азайтуу максатында өзгөчө методдор колдонулган реабилитациялык борбор ачылды. Бул борбор 2018-жылы киберспорт боюнча кесипкөйлөрдү даярдоо максатында ачылган.
Бирок 2023-жылы борбордун негиздөөчүсү өспүрүмдөрдүн оюнга канча убакыт коротуп жатканын анализдеп, оюн көз карандылыгынан арылтуу боюнча бизнес борбор ачкан.
Программанын өзгөчөлүгү балдар күнү бою, тактап айтканда, саат 9:00дөн 00:00гө чейин компьютерде оюн ойношот, бирок тамактанууга жана сейилдөөгө гана тыныгуу берилет. Бул ыкманын максаты "оюн ар дайым окуудан жеңилирээк эмес" деген түшүнүктү берүү болуп саналат.
Курстун авторунун айтымында, оюнда натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн аткаруу милдеттүү болуп калганда, ал балдар үчүн кызыксыз боло баштайт.
Программа ошондой эле профессионалдуу киберспортчу болуу канчалык оор экенин көрсөтөт. Айрым катышуучулар биринчи күндөн баштап булчуңдардын тартылышынан (спазмадан) жапа чексе, айрымдары үйүнө кеткиси келген.
