super.kg logo
  Саясат  

Орусиядагы тажик мигранттары Орто Азия өлкөлөрүнүн саясий бирикмесин түзүүнү сунушташууда

 
Орусиядагы "Тажик эмгек мигранттары" кыймылынын лидери Каромат Шарипов
Орусиядагы "Тажик эмгек мигранттары" кыймылынын лидери Каромат Шарипов Орто Азия өлкөлөрүнүн саясий бирикмесин түзүүнү сунуштады. Сунушу аталган бирикменин расмий сайтына 15-январда жайгаштырылган. 
2014-жылдын 11-январындагы кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан кийин мусулман калкы көп жашаган Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстанды бириктирүү зарыл экенин айтып чыкты. 
"Чек ара маселесин бирдиктүү аймак деп белгилегенден кийин гана чечебиз" деген демилгечи Каромат Шарипов: “Биздин динибиз Орто Азиядагы ар башка улутту бириктирүүчү факторлордун бири болуп саналат. Биз мусулманбыз, Мухаммед пайгамбардын жашоосунан үлгү алып, анын көрсөтмөлөрү менен жашашыбыз керек. Бизди Алла колдосун”,- деп жогорудагы мамлекеттердин президенттерине кат жолдогон.

Белгилей кетсек, 2014-жылы 11-январда Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек  арасында чыр чыгып, ок атышуудан эки тараптын чек ара кызматкерлери жаракат алышкан. 

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: