Усть-Каменогорскиде оңдоп-түзөөдөн өткөн көпүрө урап калды
Казакстандын Усть-Каменогорск шаарында Шнайдарский көпүрөсү жарым-жартылай урап калды. Бул тууралуу Tengrinews.kz басылмасы жазды.
Маалым болгондой, жерине атайын бөлүктөр тартылып, кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат. Жергиликтүү бийлик окуяны иликтөө үчүн атайын комиссия түзүүдө.
Усть-Каменогорск шаарынын акими Алмат Акышев акыркы үч күндө катуу жааган жамгырдын кесепетинен дарыянын деңгээли көтөрүлгөнүн белгиледи. Шаар башчысы көпүрө жакында калыбына келтирилерин убадалады.
"Быйыл эле көпүрөнүн көтөрүмдүү конструкцияларын оңдоо иштери аяктаган. Анын реконструкциясына алты жүз миллион теңгеден ашык каражат кеткен. Акимчиликтин өкүлдөрү көпүрөнү калыбына келтирүү иштерин кепилдиктик милдеттенмелеринин негизинде подрядчиктер аткарарын четке каккан жок", - деп жазды 24KZ басылмасы.
