super.kg logo
  Саясат  

Дастан Бекешев жыйынга келбей саунага барган кесиптештерин сынга алды

 
Бүгүн, 15-январда “Ар-намыс” фракциясынын жыйынында ЖКнын депутаты Дастан Бекешев "Саунага барып, бирок парламенттин жыйындарына келбеген депутаттар бар” деп билдирди. 
Анын айтымында, ким жумушка келип, ким кандай добуш берип жаткандыгын көрсөтүү үчүн парламенттин жыйындарын он-лайн аркылуу түз алып берүү керек. 
“Маселелер, мыйзам долбоорунун виртуалдык мүнөздө экенин баарыбыз билебиз. Он-лайн аркылуу түз алып берсек, бул кимдин кандай добуш берип жатканын көрүү мүмкүнчүлүгүн берет. Шайлоочулар менен жолугушуп, иштеп жаткан депутаттар да бар. Бирок саунага барып, иштебей жаткандары да жок эмес. Алар парламент үчүн кара так болуп калууда. Ошолордун айынан Жогорку Кеңеш эч нерсени чечпей жатат дегендер чыгууда”,- деди депутат. 
Асылбек Жээнбеков он-лайн алып берүү боюнча иштер жүрүп жаткандыгын айтты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: