Оштун мурдагы мэри бир айга камакка алынды
Ош шаарынын мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаев 4-октябрга чейин камакта калтырылды. Маалыматты бүгүн, 2-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту ырастады.
Маалыматка ылайык, ал Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин (Коррупция) 2-бөлүгү (Уюшкан топтун, кылмыштуу коомдоштуктун кызыкчылыгында жасалган же оор залал алып келген ошол эле жосун) боюнча айыпталууда.
Эгер ал күнөөлүү деп табылса 12 жылдан 15 жылга чейин эркиндигинен ажыратылшы мүмкүн.
Айтмамат Кадырбаев 2014-2018-жылдары Ош шаарынын мэри кызматын аркалаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.