super.kg logo
  Спорт  

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Оманга утулуп калды

 

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Оманга 1:2 эсебинде утулуп калды. Мелдеш бүгүн, 2-сентябрда CAFA Nations Cup 2025 эл аралык мелдешинин экинчи турунун алкагында өттү.

Оюндун биринчи бөлүгүндө коргоочу Тамирлан Козубаев эсеп санын ачты. Беттештин экинчи бөлүгүндөгү Эрбол Атабаев жана Кожо Жоэль дарбазага киргизген голдору башкы калыс тарабынан, тилекке каршы, саналган жок.

Ал эми атаандаштар экинчи бөлүккө кошулган мүнөттөрдө мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, эсеп санын теңеп жана алдыга чыгып кетүүгө да жетишишти.

Белгилесек, курама турнирдин «А» тайпасында Оман, Түркмөнстан, Өзбекстан курамалары менен бирге орун алган. Ал эми Иран, Индия, Ооганстан жана Тажикстан орун алган «B» тайпасынын беттештери кечээ күнү Дүйшөмбү шаарында (Тажикстан) өткөн. Улуттук кураманын кийинки беттеши Өзбекстанга каршы 5-сентябрда орун алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: