Ким Чен Ын Кытайга кызынын коштоосунда барганы айтылууда



Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын кызы Ким Чжу Энин коштоосунда Кытайга келди. Бул тууралуу Yonhap Борбордук телеграф агенттигине таянып жазды.
Басылма жарыялаган сүрөттөрдө Ким Чен Ын делегация менен поездден платформага түшүп келе жатканы жана анын курамында кызы да бар экени көрүнөт. Белгиленгендей, Ким Чжу Э Кытайга болгон сапарында атасы менен биринчи жолу барган.
Түндүк Кореянын Борбордук телеграф агенттиги билдиргендей, Ким Чен Ын Пекинде Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганына 80 жыл толгондугунун майрамына катышат.
Алдыда өтө турган парадга Түндүк Корея лидери 1959-жылдан бери биринчи жолу катышып жатат. Ким Чен Ын өзү акыркы жолу Бээжинге 2019-жылы барган.
Yonhap агенттиги белгилегендей, бул сапар Түндүк Корея режими үчүн Кытай жана Орусия менен байланышты чыңдоого, ошондой эле эл аралык обочолонуусун азайтууга мүмкүнчүлүк берет.
Муну менен катар, байкоочулардын пикиринде, Ким Чен Ындын Си Цзинпин жана Владимир Путин менен бирге аскердик парадга катышуусу анын АКШ менен болочок сүйлөшүүлөрүндө позициясын бекемдөөгө жардам бериши мүмкүн. Дональд Трамп буга чейин Ким Чен Ын менен диалогду кайра жандандырууга даяр экенин бир нече жолу билдирген.
