Google Chrome’ду сатпайт
АКШнын федералдык соту, Google компаниясына каршы ачылган антимонополиялык иштин алкагында компанияны Chrome интернет браузерин сатууга мажбурлоого негиз жок деген чечим чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, Вашингтондогу округдук соттун чечиминде Google Chrome’ду сатууга милдеттүү эмес. Android операциялык тутумун да бөлүп чыгаруу милдеттендирилбейт. Компания бул активдерди мыйзамсыз чектөө үчүн колдонбогону белгиленди.
Ошондой эле, сот Google компаниясына айрым тиркемелерди алдын ала түзмөктөргө жайгаштыруу үчүн дистрибьюторлорго төлөмдөрдү токтотуунун кажети жок экенин, бирок атаандаш компаниялар менен айрым колдонуучу маалыматын жана издөө индекстерин бөлүшүүгө милдеттендирилерин билдирди. Бул чара атаандаштыкты күчөтүү максатында киргизилди.
Эске салсак, Google’га каршы иш 2023-жылдын 24-январында АКШнын Адилет министрлиги жана бир катар штаттардын башкы прокурорлору Google компаниясына каршы антимонополиялык доо арыз менен сотко кайрылышкан.
Айыптоолорго ылайык, Google акыркы 15 жылда:
• сатып алуулар аркылуу атаандаштарын жок кылып же алсыраткан,
• санариптик жарнама базарындагы үстөмдүгүн колдонуп, кардарларды өзүнүн гана продуктуларына багыттаган,
• атаандаш жарнама технологияларын колдонууга тоскоол болгон.
Ушундай жолдор менен Google рыноктогу үстөмдүгүн бекемдегени айтылган.
Былтыр ноябрда АКШнын Адилет министрлиги соттон Google’ду Chrome браузерин сатууга мажбурлоону да өтүнгөн эле, бирок сот бул талапты четке какты.
