super.kg logo

Трамп Кытайды, Орусияны, КЭДРди АКШга каршы "кутум" уюштурууга айыптады

 

АКШ президенти Дональд Трамп Пекиндеги аскердик парадга байланыштуу пикирин билдирип, Кытай, Орусия жана Түндүк Кореяны Америкага каршы "кутум" уюштурууга аракет кылып жатат деп айыптады. Бул тууралуу ал өзүнүн Truth Social баракчасына жазды.

Трамптын айтымында, АКШ Кытайды "душман баскынчылардан бошотууга" жардам берген, ал үчүн көптөгөн америкалыктар өз өмүрүн берген.

"Башкы суроо – Си Цзиньпин АКШ көрсөткөн чоң жардамды жана төгүлгөн канды эскереби? Кытайга эркиндикти кайтарып берүү үчүн биз курман болгонбуз. Улуу жана узун майрамдык күндү Си Цзиньпинге жана кытай элине каалайм. Владимир Путинге жана Ким Чен Ынга салам айтып койгула",- деп жазды Трамп.

3-сентябрда Пекинде Кытай элинин япон баскынчыларына жана Экинчи дүйнөлүк согушка каршы күрөшүндөгү жеңишинин 80 жылдыгына арналган чоң аскердик парад өттү. Тяньаньмэнь аянтындагы иш-чарага 20дан ашык мамлекеттин лидерлери катышты.

Кытай төрагасы Си Цзиньпин өз сөзүндө АКШны атаган жок, бирок жеңишке салым кошкон бардык мамлекеттерге ыраазычылык билдирди.

Буга чейин, 2-сентябрда, Трамп Кытай менен Орусиянын "альянсы" Вашингтондун кызыкчылыктарына коркунуч туудурбай турганын да айткан болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: