Депутат Таштанбеков шайлоо маселесин көтөрдү (видео)
Бүгүн, 3-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акбөкөн Таштанбеков Шайлоо кодексине тактоолор керек экенин айтып чыкты.
Ал шайлоо окуругунда айымдардын алган добушу баарына каршыдан аз болуп калса шайлоо таанылабы, айымдарга берилген квота ал учурда кандай иштейт деген маселелер бар экенин белгиледи. Эл өкүлү ошондой эле Шайлоо кодексине депутат мандатын тапшырса, анда ал шайланган окуругда кайрадан шайлоо өтпөстөн кийинки көп добуш алган талапкер бош орунга келет деген норма киргизилгенин эске салып, бирок анын добушу баарына каршыдан аз болуп калса жагдай кандай болорун такташ керек дейт.
"Кайра шайлоо болуп калабы? Ошону юристтер тактап койсо жакшы болмок. Кийин көйгөй жаралбашы үчүн кайра өзгөртүп кабыл алып коюш керек",- деди Таштанбеков.
Буга шайлоо мыйзамынын демилгечилеринин бири болгон депутат Марлен Маматалиев аталган норма биринчи добуш берүүдө иштей турганын, кийинки этапта иштебей каларын айтып жооп берди. Ал белгилегендей, шайлоо өткөн окуругда баарына каршы талапкерлердин добушунан ашып кетсе шайлоо жокко чыгарылат. Бирок бул норма шайлоо бүткөн соң мандатын тапшырган депутаттын ордуна келчү талапкердин добушуна таасир этпейт.
Эске салсак, Жогорку Кеңеш апрель айында "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү сунуштаган мыйзам долбоорун кабыл алган. Президент аталган мыйзамга июнь айында кол койгон.
Документте өлкө боюнча 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлүп, можаритардык тутум менен анын ар биринен көп добуш алган үч талапкер, жалпы 90 талапкер Жогорку Кеңешке шайланары жазылган. Ошондой эле мыйзамдын долбоорунда аялдар үчүн 30 депутаттык мандат бөлүү каралып, депутаттык мандатка ат салышкан талапкерлердин добуштары бирдей болуп калган учурда каттоо үчүн документтерин эрте берген талапкер жеңүүчү деп таанылары белгиленген.
Мындан тышкары мыйзамда талапкер саясий партиянын тизмеси же жеке өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен катыша алары көрсөтүлгөн. Талапкер 25 жашка чыккан болушу керек жана жогорку билими бар, акыркы беш жылда өлкөдө туруктуу жашаган кыргыз жараны болуусу шарт. Ал эми депутаттын орду бошогондо кайра шайлоо өткөрүлбөстөн, ошол округдан добуш боюнча кийинки орунду алган талапкерге мандат берилет. Аялдын ордуна аял гана келет.
Мындан тышкары анда өзүн өзү көрсөткөн талапкердин күрөөсү 100 миң сомдон 300 миң сомго көбөйтүү каралган. Ал эми саясий партиялар үчүн күрөө 1 миллион сомдон 9 миллионго көтөрүлөт.
Айта кетсек, учурда өлкөдө аралаш шайлоо тутуму колдонулат. 2020-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына келген 90 депутаттын 54ү пропорционалдуу тутум менен партиялык тизме аркылуу, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланышкан.
Жогорку Кеңеш 03.09.25.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















