super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Садыр Жапаров Пекинде Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парадга катышты

 

Бүгүн, 3-сентябрда президент Садыр Жапаров Кытайга болгон иш сапарынын алкагында ардактуу конок катары Пекин шаарындагы Тяньаньмэнь аянтында Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын жана андагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парадга катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Парадга чет өлкөлөрдүн 20дан ашуун мамлекет жана өкмөт башчылары катышышты.

Иш-чаранын алдында делегация башчылары Император сарайынын жанында биргелешип сүрөткө түшүштү.

Андан соң лидерлер Тяньаньмэнь аянтындагы парадга катышуу үчүн байкоо аянтчасына жөнөштү.

Салтанаттуу жүрүштүн башында мамлекеттик тууларды көтөргөн аба эшелондору учуп өттү. Андан кийин жөө аскерлердин параддык бөлүктөрү, аскердик желектерди алып жүргөн бөлүктөр жана Кытайдын аскердик техникаларынын колонналары өтүштү. Парадды аскердик учактардын эскадрильясынын учуусу аяктады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: