Сүйүнчү! Базар-Коргондо үч эм төрөлдү
28-августта Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагынын тургуну, 1991-жылдын туулган Нурайым Исакова үч эмди жарыкка алып келди. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда Базар-Коргон райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы билдирди.Маалым болгондой, кош бойлуулуктун өзгөчөлүгүнө байланыштуу дарыгерлер кесарева жолу менен операция жүргүзүшкөн.
- 2700 грамм салмактагы эркек бала;
- 2500 грамм салмактагы кыз бала;
- 2200 грамм салмактагы кыз бала төрөлдү.
Учурда эненин да, балдардын да абалы жакшы. Нурайым жолдошу менен буга чейин үч баласын тарбиялап келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















