super.kg logo

Евробиримдик тырмак салондорунда гель-лак колдонууга тыюу салды

 

Европа Биримдиги 1-сентябрдан тарта көпчүлүк гелдик маникюр каражаттарында кездешкен триметилбензоил дифенилфосфин оксид (TPO) аттуу затты колдонууга толук тыюу салды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, бул зат гель жана гибриддик тырмак боёкторунун ультракызгылт көк нур алдында катууланышына шарт түзөт. Мурда ал затты болгону кесипкөй чөйрөдө колдонууга уруксат берилсе, эми таптакыр пайдаланууга болбойт.

Ирландиянын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, тыюу бардык чөйрөлөрдө күчүндө.

Башка өлкөлөрдөгү абал:

  • АКШда TPO азырынча эркин колдонулат,
  • Улуу Британияда 2026-жылдан тарта тыюу салынат.

Евробиримдик бул чечимди негизинен жаныбарларга жасалган изилдөөлөрдүн натыйжаларына таянып кабыл алган. Бирок азыркы деңгээлде анын адам ден соолугуна түздөн-түз коркунуч жаратары так далилденген эмес.

1-сентябрдан тарта:

  • TPO камтыган продукциялардын таратуусу толугу менен токтотулат.
  • Сулуулук салондору колундагы продукцияларды текшерип, TPO барларын колдонбой, аларды жок кылуусу зарыл.
  • Жаңы буюртмаларда жеткирүүчүлөрдөн TPO камтылбаган продукцияны талап кылуу сунушталат.
  • Кардарларга болсо колдонулган боёктордун курамы тууралуу сурап турууга кеңеш берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: