"Оозго аларлык чыгарма жок". Мирлан Самыйкожо маданиятта акчалар туура эмес сарпталып жатканын айтты (видео)
Бүгүн, 3-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо маданият тармагында акчалар туура эмес сарпталып жатат деген пикирин билдирди.
Ал маданият тармагы үчүн мамлекеттик бюджеттен көп ачка каражаты бөлүнүп жатканын белгилеп, бирок өнүгүү жок деген өкүнүчүн айтты.
"Маданиятта колго аларлык, сөзгө, оозго аларлык чыгармалар чыкпай жатат, кинолор тартылбай жатат, жаңы сындар жаралбай жатат. Тескерисинче, ошол жактагы акчалар максатсыз сарпталуу менен жоголуп кетип жатат. Кинематографиянын берген отчётунда жеке инсандардын 100, 80 жылдыгына 21 миллион 800 миң сом сарптоо менен тасмалар тартылыптыр...
Ал нерсени анча акча коротуп тартуунун кажети жок болчу. Ошондой көлөмдөгү акча каражатын топтоп, майда нерселерди тарткандан көрө элдин рухун тарбиялай турган фильмдерди тартуу керек",- деди эл өкүлү.
Жогорку Кеңеш 03.09.25.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















