super.kg logo

Ылдамдык, сапат, мүмкүнчүлүктөр: Beeline өз тармагын өнүктүрүүдө

 

Эки айдын ичинде отузга жакын жаңы базалык станциялар, модернизацияланган инфраструктура жана келечекке чоң пландар – Beeline Кыргызстан уюлдук оператору өлкө боюнча өз тармагын өнүктүрүүнү улантууда. Мындай аракеттер камтуу аймагын кеңейтүүгө, байланыш сапатын жакшыртууга жана баарлашуу, иштөө, окуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө мүмкүндүк берет.

Ош областында Beeline'дын байланыш кызматтары тогуз айылдын тургундары үчүн жеткиликтүү болуп калды: Арбын, Кош-Дөбө, Көк-Бел, Муркут, Дыйкан-Кыштак, Беш-Мойнок, Төлөйкөн, Борбаш жана Шаңкол.

Баткен шаарында жана Жетиген, Келечек, Ак-Кыя, Ак-Тилек айылдарында базалык станциялар курулду. Ошондой эле Жалал-Абад областынын Тотия, Кызыл-Туу жана Ладан-Кара айылдарында жаңы объекттер пайда болду. Ал эми Ноокен районундагы Кочкор-Ата шаарында жана Күрп-Сай ГЭСинде Beeline модернизациялоо иштерин жүргүзүп, байланышты ылдамыраак жана туруктуураак кылды.

Ысык-Көлдөгү баркыт сезонуна карата Beeline Чолпон-Атада камтуу аймагын кеңейтти. Чүй областында уюлдук оператор Боом капчыгайында, Лебединовка, Новопокровка, Нижняя Ала-Арча жана Ак-Бекет айылдарында, ошондой эле Токмок шаарында инфраструктураны кеңейтти жана жакшыртты. Бишкек шаарында дагы бир нече базалык станциялар курулду жана модернизацияланды.

«Бүгүнкү күндө байланыш жана мобилдик интернет – бул ыңгайлуулук гана эмес, бул экономиканы, билим берүүнү жана жалпы өлкөнү өнүктүрүү куралдары. Ар бир жаңы базалык станция менен биз бардык кыргызстандыктар санариптик технологияларга бирдей мүмкүнчүлүк ала турган келечекке салым кошобуз», – деп белгиледи компаниянын башкы директору Мирлан Кубаталиев.

Мындан ары да, жогорку сапаттагы байланышты ар бир аймакта жеткиликтүү кылуу максатында, Beeline өлкө боюнча өз тармагын өнүктүрүүнү уланта бермекчи. Алдыда абоненттерибизди масштабдуу жаңыртуулар, жаңы долбоорлор жана башка көптөгөн мүмкүнчүлүктөр күтөт.

Бул мүмкүн. Бул Beeline.

КР СӨMгө караштуу БТЖCжККнын № 15-1420-КР, № 16-1526-КР, №16-1527-КР, № 14-1102-КР, № 14-1125-КР, № 16-0089-КР, № 20-0388-КР уруксаттамалары






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: