2013-жылы "Ошэлектр" 192 миллион сом өндүрүү үчүн сотко кайрылган
2013-жылы "Ошэлектр" ААКсынын юридикалык кызматы 192 миллион сомдук 1 708 ишти сот жана укук коргоо органдарына өткөрүп берди. Бул тууралуу 15-январда ишкананын маалымат кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Жыйынтыгында 750 материал боюнча "Ошэлектрдин" казынасына 112 миллион сом өндүрүлгөн. Анын ичинде электр энергиясын күнүмдүк пайдалануучулар тарабынан уурдоо боюнча 28,8 миллион сомдук 617 иш, коммерциялык пайдалануучулардан 1,4 миллион сомдук 16 иш мекеме пайдасына чечилген. Мындан сырткары катардагы 964 абоненттен 22 миллион сомдук дебитордук карыз сот аркылуу өндүрүлгөн. Коммерциялык пайдалануучулар боюнча 17,7 миллион сомдук 109 иш каралган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
Рейтинг:
0

