БУУ Ооганстанга шашылыш жардам үчүн дүйнө жүзүнө кайрылды
Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча жогорку комиссариатынын (БМКК) өкүлү Бабар Балоч Ооганстанда 1000ден ашуун адамдын өмүрүн алган жер титирөөдөн кийин "Биз шашылыш жардам үчүн дүйнө жүзүнө кайрылып жатабыз" деди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, ал БУУнун Женева кеңсесинде өткөн жумалык маалымат жыйынында билдирүү жасап, 31-августта болгон жер титирөөдөн кийин БМКК жабыркаган жамааттарга жардам берүү үчүн бардык ресурстарын жумшаганын белгиледи. Балочтун айтымында, айрым айылдар толугу менен кыйрап калган, өлкөнүн чыгыш бөлүгү эң катуу жабыркаган.
"Тирүү калгандар үйлөрүнүн кыйраганын көрүштү жана түндү ачык асман алдында өткөрүүгө аргасыз болушту. Жабыркаган аймактар тоо арасында, көптөгөн жолдор жабык же кыйраган. Көптөгөн адамдар дагы эле урандылардын алдында калганы айтылууда. Алдыдагы күндөрү курмандыктардын саны көбөйүшү мүмкүн", - деди ал.
Балочтун айтымында, эл жакындарын жоготуп аза күткөн учурда саламаттыкты сактоо кызматтары жетишсиз болууда. Негизги инфраструктуранын жоктугу куткаруу иштерин кыйындатып жатат.
Ооган Кызыл Айынын маалыматына ылайык, жер титирөөдөн каза болгондордун саны 1124 адамга жетип, жаракат алгандардын саны 3251ге чейин көбөйгөн.
Эске салсак, АКШнын Геологиялык изилдөөлөр борбору (USGS) жекшемби күнү Пакистан чек арасына жакын жайгашкан Жалалабад шаарынын 27 чакырым түндүк-чыгыш тарабында, 8 чакырым тереңдикте 6 баллдык күчү бар жер титирөө катталганын билдирген.
Жергиликтүү бийлик бул жер титирөөнү өлкөдө акыркы жылдардагы эң күчтүү кырсыктардын бири катары баалаган.
БУУнун Гуманитардык иштерди координациялоо башкармалыгы (OCHA) алгач жер титирөөдөн 12 миңден ашуун адам түздөн-түз жабыркаганын маалымдаган.
