Бишкекте Аламүдүн дарыясынын боюндагы күркөлөрдү бузуу иштери башталды




Бишкекте Аламүдүн дарыясынын боюндагы күркөлөрдү бузуу иштери башталганын мэриядан билдиришти.
Маалымдалгандай, Төрөкул Айтматов көчөсү менен Чүй кең көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан 11 тез тамактануу жайы жеке менчик жер тилкесинде орнотулгандыгы мамлекеттик акт менен тастыкталган.
Бирок Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузуу аныкталды. Айрым күркөлөр мыйзамсыз түрдө муниципалдык аймакка, тактап айтканда, Аламүдүн дарыясынын жээгине чейин кеңейтилип салынган. Өз алдынча жүргүзүлгөн бул кеңейтүү 368 чарчы метрди ээлеген. Мындан тышкары курулуштар дарыяга урап түшүү коркунучун жаратууда.
Мыйзам бузуу фактысы боюнча Укук бузуулар кодексинин 149-беренесине ылайык протокол түзүлүп, ээсине 30 миң сом айып салынды.
Бузууну жоюп, мүмкүн болгон кооптуулуктун алдын алуу максатында башкармалык мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштерин баштады.
