super.kg logo

Депутат Исаева азербайжандык ырчы Роза Зергерлиге Ыраазычылык кат тапшырды

 

Бүгүн, 3-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Жамиля Исаева Азербайжандын белгилүү ырчысы, режиссёр Роза Зергерли менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, Бишкек шаарында жакында өтө турган концертине ийгиликтерди каалаган Жамиля Исаева Жогорку Кеңештин атынан Роза Зергерлиге Ыраазычылык кат тапшырды.

"Сиз Азербайжан элин гана эмес, жалпы түрк дүйнөсүн талантыңыз менен даңазалап, маданий байланыштарыбызды өнүктүрүп келесиз. Жараткан эмгектериңиз, аткарган ырларыңыз кыргызстандыктардын да кызыгуусун жаратып, өнөрүңүз менен боордош эки элдин байланышын бекемдей алдыңыз”, - деди эл өкүлү.

Өз кезегинде Роза Зергерли кыргызстандык күйөрмандарына талантын тартуулап жатканына кубанычта экенин айтып, алгачкы “Мейкин Азия” сынагына калыс катары катышып кеткенин эске салды. Ошондой эле боордош элдердин, анын ичинен Кыргызстан менен Азербайжандын маданий алакасын чыңдоо чыгармачылыгындагы башкы максаты экенин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: