super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы Мамлекеттик салык жана Бажы кызматтарынын жетекчилерине 2014-жылы планды аткаруу боюнча тапшырмаларды берди

 

15-январда 2014-жылдын январь айына карата мамлекеттик бюджеттин аткарылышы боюнча чогулушта “Эгерде салык кызматынын башчысы өздүк түзүмдөрдөгү планды аткарбаган жетекчилерге чара көрбөсө, кадрдык чечимдерди мен өзүм кабыл ала баштайм” деп билдирди. 

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.  

Каржы министри Ольга Лаврованын айтымында, Мамлекеттик салык кызматы жана Бажы кызматы үчүн бирдей  2 миллиард 347 миллион сом суммасында план аткарылган. Мындан сырткары республикалык бюджетке бир айдагы суроо-талабы 8 миллиард 500 миллион сомду түзгөн. 

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев салыкчыларга жана бажычыларга “планды аткарбагандарга аёо болбойт” деп айтты. 

“2013-жылдын жыйынтыгы боюнча салык кызматы 97,2 пайыз планды аткарды. Бул жылга карата тиешелүү чечимдерди кабыл алышыңар керек”,- деди өкмөт башчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: