Футбол U-23: Палестина–Кыргызстан беттеши башталды















Бүгүн, 3-сентябрда, футбол боюнча Кыргызстандын U-23 Олимпиадалык курама командасы Палестина командасы менен беттешке чыкты.
Оюн Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп жатат.
Оор кырдаалды баштан кечирип жаткан Палестина элине тилектештик билдирүү максатында Кыргыз футболдук биримдиги бүгүнкү Палестина – Кыргызстан беттешинин алдында колдоо акциясын өткөрүп жатат.
Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын U-23 Олимпиадалык курама командасынын оюнчулары тынчтыкты жана колдоону билдирген ак ленталар менен оюн талаасына чыгышты.
Эске салсак, 2026-жылдагы Азия Кубогунун тандоо оюндарында жалпы 44 команда катышып, 11 тайпага бөлүнгөн. Кыргызстандын курама командасы «Е» тайпасында Палестина, Өзбекстан жана Шри-Ланка курама командалары менен ат салышат.

