Футбол U-23: Кыргызстандын курамасы палестиналыктарды жеңди (видео)




Бүгүн, 3-сентябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтүп жаткан беттеште Кыргызстандын U-23 Олимпиадалык курама командасы Палестинанын курамасын 2:1 эсебинде утту.
Беттештин экинчи бөлүгүндө Кими Мерк пеналтиден эсеп санын ачты. Ал эми атаандаш экинчи бөлүктүн кошумча убактысында эсепти теңөөгө жетишти. Бирок дароо эле биздин кураманын чабуулунун натыйжасында Кими Мерк эсеп санын жаңыртып, курамага 2-1 эсебиндеги жеңишти камсыздады.
Эске салсак, 2026-жылдагы Азия Кубогунун тандоо оюндарында жалпы 44 команда катышып, 11 тайпага бөлүнгөн. Кыргызстандын курама командасы «Е» тайпасында Палестина, Өзбекстан жана Шри-Ланка курама командалары менен ат салышат.
Турнирдин финалдык этабы 2026-жылдын январь айында Сауд Арабиясында өтөт. Финалдык этапка 16 мыкты команда чыгат: турнирдин кожоюну Сауд Арабиясы автоматтык түрдө катышат, ошондой эле ар бир тайпанын жеңүүчүлөрү жана эң мыкты көрсөткүчкө ээ болгон төрт экинчи орундагы командалар финалдык баскычка жолдомо алышат.
Башкы машыктыруучу Эдмар Ласерданын жетекчилиги алдындагы курамабыз кийинки беттешин 6-сентябрда Өзбекстанга каршы өткөрөт.
03.09.25

