Путин Зеленский менен жолугушуу мүмкүнчүлүгү тууралуу айтты (видео)
Орусия президенти Владимир Путин Украина лидери Владимир Зеленский менен жолугушуу мүмкүнчүлүгү тууралуу айтып, аны эч качан четке какпаганын эске салды. Бул тууралуу ал Кытайдагы сапарынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында билдирди.
"Дональд (ред. Трамп) менден мүмкүн болсо ушундай жолугушууну уюштуруу мүмкүнбү деп суранды. Мен "ооба, мүмкүн" дедим. Эгер Зеленский даяр болсо, Москвага келсин, жолугушуу болот", - деген Путин.
АКШ президенти Дональд Трамп Орусия менен Украинанын президенттеринин жолугушуусуна даярдыктар башталганын Путин менен Аляскадагы август саммитинен кийин жарыялаган.
03.09.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.