"70 жашта дагы деле баласың". Путин менен Си Цзиньпин өлбөстүктү талкуулашты (видео)
Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен Орусиянын президенти Владимир Путин аскердик параддын алдында заманбап технологияларды колдонуу менен жашоонун узактыгын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Алардын сүйлөшүүсү Пекиндеги Тяньаньмэнь дарбазасына бара жатышканда түз эфирде көрсөтүлдү.
Bloomberg басылмасы сүйлөшүү бир мүнөткө жетпеген убакытка созулуп, маал-маалы менен үзгүлтүккө учурап, толук угулбаганын жазат.
Тактап айтканда, Си Цзиньпиндин кытайча "бул күндөр" жана "70 жыл" деп айтканы гана угулган. Бирок котормочу анын Путинге айткан сөздөрүн орусчага "мурда адамдар сейрек гана 70ке чейин жашачу, азыр 70ке чыкканда дагы деле бала бойдон каласың" деп которуп берген.
Андан соң Си Цзиньпиндин котормочусу орус лидеринин сөздөрүн кытай тилинде айтып берди: "Биотехнологиянын өнүгүшү менен адамдын органдарын тынымсыз трансплантациялоого болот. Адамдар жаш бойдон кала алышат, ал тургай өлбөстүккө жетише алышат".
Бир аздан соң Си Цзиньпиндин "божомолдор көрсөткөндөй, бул кылымда 150 жашка чейин жашоого мүмкүнчүлүк бар" дегени угулган.
Сүйлөшүүлөр корей тилине да которулуп турган. Анткени алардын жанында Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын да бар болчу. Мындан тышкары, видеодон Кыргызстандын, Өзбекстандын, Казакстандын, Тажикстандын жана Беларустун президенттерин көрүүгө болот.
Айта кетсек, Путин менен Си экөө тең 72 жашта.
04.09.25.
