Америкалык сот Трамптын Лос-Анжелеске аскерлерди киргизишин мыйзамсыз деп тапты
Калифорниядагы федералдык сот Дональд Трамптын администрациясы Лос-Анжелеске Улуттук гвардиянын аскерлерин киргизүү менен мыйзам бузган деген чечим чыгарды. Бул чечим миграцияга каршы рейддерден кийин чыккан нааразычылык акцияларынан улам кабыл алынды деп билдиришти чет элдик басылмалар.
Судьясы Чарльз Брейер белгилегендей, Трамп жана АКШнын коргоо министри Пит Хегсет бул чечимди чыгаруу менен 1878-жылы кабыл алынган мыйзамын бузушкан. Бул мыйзамда аскерди өлкө ичинде полициялык жана укук коргоо иштерине колдонууга тыюу салат, айрым өзгөчө учурлардан тышкары деп көрсөтүлгөн.
"Сот Трамп менен Хегсетке Калифорнияда аскер кызматкерлерин камакка алуу, камоо, тинтүү, күзөттөөгө чыгуу, башаламандыкты басуу жана башка иш-аракеттер үчүн колдонууга тыюу салды. Бирок бул тыюу дароо күчүнө кирбейт. Трамптын администрациясына апелляция берүү үчүн бир жарым жума убакыт берилди",- деп белгиленген маалыматта.
Брейер Лос-Анжелес Трамп жана Хегсет аскер киргизген биринчи шаар болду, бирок акыркысы эмес деген оюн да кошумчалады.
Айта кетсек, июнь айынын башында Лос-Анжелесте АКШнын Иммиграция жана бажы полициясынын (ICE) кызматкерлери катышкан кагылышуулар орун алды. Бул тирешүү бир жуманын ичинде 100дөн ашык мигрант камакка алынгандан кийин башталды. Ошондо Трамптын чечими менен Улуттук гвардиянын аскерлери аталган шаарга киргизилген.
